Линктер

 
БОРБОР АЗИЯЛЫК УКУК КОРГООЧУЛАР ЕККУну АЙМАКТАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫНА ОЛУТТУУ МАМИЛЕ ЖАСООГО ЧАКЫРДЫ
ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

БОРБОР АЗИЯЛЫК УКУК КОРГООЧУЛАР ЕККУну АЙМАКТАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫНА ОЛУТТУУ МАМИЛЕ ЖАСООГО ЧАКЫРДЫ


Июлдун 5инен бери Голландиянын Роттердам шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын он экинчи жылдык жыйыны өтүүдө. Дүйшөмбү күнү бул жыйынга катышкан бир катар борбор азиялык укук коргоочулар жана саясатчылар басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар ЕККУну жана Батыш өлкөлөрүн Борбор Азиядагы адам укуктары маселесине астейдил мамиле кылууга чакырышты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын Роттердам шаарында өтүп жаткан 12-жылдык жыйыны июлдун 9унда соңуна чыгат. Ал эми Адам укуктары боюнча эл аралык лига сыяктуу бараандуу укук коргоо уюмдарынын демилгеси менен ЕККУнун парламентарийлеринин бул олуттуу жыйынынын алкагында 7-июлда басма сөз жыйыны уюштурулду. Ал Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына арналды.

Роттердамдагы жыйынга катышкан кабарчыбыз Хурмат Бабажановдун айтымында, басма сөз жыйынынын башкы мүдөөсү – Борбор Азиядагы адам укуктарынын акыбалынын 2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашалуу окуялардан кийинки мезгилде деле оор бойдон кала берип жатканын чагылдыруу болду:

- Азыркы тапта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму – Борбор Азияда адам укуктарын коргоо жана демократиялык жараянды өнүктүрүү жаатында мындагы өкмөттөргө кысым кыла алчу жалгыз уюм деп айтылууда. Бирок, бул жыйынга катышкан аймактык оппозиция өкүлдөрү ЕККУнун Борбор Азиядагы ишмердүүлүгү жемиш бербей жатат деп санашат.

Хурмат Бабажановдун айтымында, борбор азиялык укук коргоочулар ЕККУну дипломатиялык сөздөр менен гана чектелүүдө деп сынга алышты. Роттердамдагы жолугушууга катышкандардын бири – Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсманы) Турсунбай Бакир уулу болду. Бабажанов кыргыз акыйкатчысынын сөзүн мындайча жалпылады:

- Турсунбаай Бакир уулунун оюнча, Кыргызстанда диктатуранын жумшак көрүнүшү орун алган.

Хурмат Бабажановдун бул сөзүнөн соң, бир Турсунбай Бакир уулу менен да баарлаштык. Кыргыз акыйкатчысы өз өлкөсү Борбор Азияда либералдык саясаты жагынан айырмаланаарын, бирок анда да чечилбеген маселелер арбын экенин белгилеп, бирок “жумшак диктатура” деген сөздү “жылмайган демократия” деген термин менен алмаштырды:

- Мына, мисалы, бир топ жыл мурда “Кыргызстан – демократиянын аралчасы” деп айтышчу эле. А бүгүн болсо – коңшу өлкөлөр таасир этип, анда демократия азаюуда. Ошондуктан мен бүгүн өзүмдүн кесиптештеримди, досторумду колдоп айттым: “Орто Азияда проблемалар көп, бирок алардан Кыргызстандын айырмасы – бул Кыргызстанда жумшак, жылмайган демократия (бардыгы)” деп айттым аны.

Бакир уулу мырза коңшу борбор азиялык өлкөлөрдү карап, маашырлануунун кереги жоктугун, анткени Батыш Европадагы демократиялык системага жетүү үчүн Кыргызстандын жасай турган иштери арбын экенин баса белгиледи:

- Бизде да көп маселелер бар. Анын ичинен 1-2 мисал келтирдим, бул жыйында. Мисалы, камалган аксылык 18 аял менен байланыштуу окуяны эскердим. Саясий жана диний көз карашы үчүн куугунтукка алынгандарды да айта кеттим. Мындай окуяларды болочокто болтурбоо керек.

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын акыйкатчысы сыяктуу институттарды колдоо аркылуу ЕККУ жалпы аймактагы демократиялык жараянга салым кошоорун да белгилей кетти.

Роттердамдагы басма сөз жыйынына Түркмөнстандын оппозициячыл күчтөрүнүн өкүлү, Түркмөнстан Калкынын Демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурмухаммед Ханамов да катышты. Анын сөзүнүн мазмунун кесиптешибиз Хурмат Бабажанов мындайча сыпаттайт:

- Түркмөнстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Нурмухаммед Ханамов жыйынга катышты. Анын оюнча, Түркмөнстанда Ниязовдун айкелдери Саддамдыкынан да көп. Өлкөдө адам укуктары Ирактагыдан да жаман тепселүүдө. Ошол үчүн эл аралык коомчулук Түркмөнстанда демократиялык жараянды өнүктүрүү үчүн аймакка кылдат көңүл бөлүүсү керек деп ал баса белгиледи.

ЕККУнун Роттердамда өткөрүлгөн парламенттик жылдык жыйыны жана анын алкагында уюштурулган дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйыны, албетте, Борбор Азиядагы адам укуктары абалын иликтөө зарылдыгын дагы бир жолу эл аралык коомчулуктун көңүлүнө салды десек болот. Ал эми Турсунбай Бакир уулу сыяктуу жыйын катышуучулары эл аралык уюмдарды аймактагы шайлоолорго байкоочу катары жигердүү катышууга, четтен байкаган кайдыгер тарап бойдон кала бербөөгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG