БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өкүлчүлүгү Батыш Африкада сегиз күндүк иш сапарда болуп, Либериянын кырдаалын жеринен иликтеди. Британ элчиси Жереми Гринсток баштаган топ 3-июлда либериялык оппозиция өкүлдөрү менен жолукту. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өкүлдөрү либериялык жаңжалдашкан тараптарды ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү макулдашууну кыйшаюусуз түрдө жүзөгө ашырууга чакырууда. Гринсток мырза Либериянын президенти Чарльз Тэйлорду кызматтан кетүүгө үндөдү. Элчинин оюнча, Тэйлор үчүн Нигерия баш паана бере алат.
Президент Тэйлор коңшу Сьерра-Леонедеги мындан эки жыл илгери аяктаган атуулдук согушка кийлигишип, андагы козголоңчуларга колдоо көрсөткөн, согуш кылмыштарына тийешеси бар деген доого да кабылууда.
АКШ президенти Жорж Уокер Буш да шаршемби күнү Либерия маселеси боюнча сүйлөп, өлкөдөгү тополоңду жана баш-аламандыкты токтотуунун жолу – Тэйлордун бозгунчулукка кетиши экенин айткан:
- Либерияда тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Чарльз Тэйлор эми кызматынан кетүүгө тийиш.
АКШ президенти Буш Либериядагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Батыш Африкадагы бул өлкөгө бейпилдик күчтөрүн жиберүү ниетин билдирди.
3 миллиондуу калкы бар өлкөнү 1820-жылдардын алгачкы жарымында мурдагы америкалык кулдар негиздеген. Өлкө 1847-жылы көз каранды эместикке жетишкен. Жалпысынан, Либерия калкы 29 тилде сүйлөгөн улуттук топтордон турат, алардын арасында – кпелле, банди, басса жана башка элдер бар. Жумурияттын расмий тили – англис тил.
Либерия 1989-жылдан 1996-жылга чейин атуулдук согуштун алоолонгон оту алдында калган. 1997-жылдан бери президент кызматын аркалаган Чарльз Тэйлор - бир эле учурда өкмөт башчысы. Мындай система саясий оппозицияга оңой менен сабырдуу мамиле кылбасы түшүнүктүү. Мындан үч жыл мурда бийликке нааразы саясий топтор Тэйлордун өкмөтүнө каршы ачык көтөрүлүшкө чыккан.
Соңку мезгилде күчөгөн согуш аракеттеринин айынан ордо шаар Монровиянын өзүндө эле 700дөй киши өмүрүнөн айрылды. Он миңдеген кишилер согуштун айынан башка мамлекеттерге качып чыгууга далаалаттанып жатканын “Нью-Йоркер” журналынын кабарчысы Филип Гуревич санааркоо менен белгилейт:
- Он миңдеген кишилер чек арадан башка өлкөлөргө качып чыгууда. Алардын арасында өз атажуртундагы атуулдук согуштан качып, ошол тапта бейпил жай болгон коңшу Либерияга үркүп келген көп сандаган качкындар бар. Маселен, Пил Сөөгү Жээги өлкөсүнөн Либерияга баш паана таап келген качкындар эми кайра өз өлкөсүнө карай дүрбөлөңгө түшүп качууда.
Гуревичтин айтымында, өлкөдөгү баш-аламандыктын айынан коомдук башкаруу боюнча, социалдык, саламаттыкты сактоодогу жана башка системалар дээрлик ойрон болду.
Ал эми Либериянын ордо шаары Монровиянын тургундары болсо “биз бейпил турмушту каалайбыз! Тэйлордун эми кереги жок!” деп кыйкырып, президентке каршы ураан алдында тынымсыз демонстрацияларды уюштурууда.