Кошмо Штаттарда террор коркунучунун деңгээлин чагылдырган беш көрсөткүч колдонулат. Шейшембиден тартып ал "көтөрүңкү" деп эсептелген сары түстөн "жогору" деп саналган кызыл сары түскө жылдырылды. АКШнын Ички коопсуздук боюнча катчысынын орун басары Аса Хатчинсон буга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:
- Алмаштыруу жакында Сауд Аравия менен Маркоккодо болгон террордук чабуулдарга жана антиамерикалык маанайдагы терррордук уюмдарга байланышкан чалгындоо маалыматтарына негизделди. Кошмо Штаттардын чалгындоо жамааты террорчулар АКШдагы буталарага каршы дагы чабуулдарды пландоону улантып жатат деген ишенимде.
Террор коркунучунун жогорку деңгээлине жараша даярдык Кошмо Штаттарда акыркы жолу Ирактагы согуш учурунда көрүлгөн эле. Ал эми өтө жогорку деңгэлдеги террор коркунучунун көрсөткүчү катары саналган кызыл түс бул система киргизилгенден бери пайдаланыла элек.
АКШ шаршембиден тартып Сауд Аравиядагы элчилиги менен консулдуктарын да убактысынча жапты. Алар эң эле бери дегенде жекшемби күнгө чейин иштебейт. Ушундай эле кадамга Британия, Германия, Италия да барды. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер Вашингтондогу басма сөз жыйынында мындай деди:
- Сауд Аравиядагы аныкталбаган буталарга каршы пландалып жаткан террордук актылар тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар.
Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшердин билдиргенине караганда, акыркы кездери түрдүү террордук уюмдардын ич ара байланыштары өтө жанданганы байкалган. Террор коркунучу жогорку деңгээлге чыкканына байланыштуу АКШнын өзүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ири көпүрөлөрдү, метролорду кайтаруу чыңдалды. Жеке менчиктеги чакан учактардын учуусуна чектөөлөр киргизилди.
Аль-каидачылардын жолбашчысы Усама бин Ладендин мекени болгон Сауд Аравияда террор коркунучу күчтүү экенин өлкө бийликтери да жокко чыгарбайт. "Ал-Kаида" уюму менен кызматташканы үчүн шектелип, шейшемби күнү Жидда шаарынан үч адам камакка алынды. Бирок, саудиялык бийликтер азырынча жакындагы жардыруулардын артында "Ал-Kаида" турганын көргөзгөн так далилдер жок экенин айтууда. Ал эми Кошмо Штаттарынын эсебинде, андагы теракттар – ал-каидачылардын колунан келген иш.
"Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, учурда Саудияга алтымыштай америкалык адис барып, тергөө иштерине көмөктөшүп жатат. 12-майдын түнүндө өлкөнүн борбору Эр-Рияд шаарынын америкалыктар менен батыштыктар жашаган турак–жай кварталдарындагы жарылуулардан аны ишке ашырган тогуз жанкечтини кошкондо 34 адам мерт болгон. Алардын сегизи америкалык жарандар эле.