Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

“КҮЛКҮ КЕЛТИРГЕН АЛИ” ЖҮРГҮЗГӨН МААЛЫМАТ СОГУШУ


Саддам Хусейндин режими ойрон болгону шек туудурбай калган жана жаңы Иракты куруу аракеттери күчөгөн азыркы тапта, режимдин өкүлдөрүнүн мурдагы кылык-жоруктары дүйнөдө жаңыча таразаланууда. “Күлкү келтирген Али” деп атыккан мурдагы маалымат министри ас-Саххаф, сыягы, Саддамга согуштун эң соңку учуруна чейин берилген бойдон калган жогорку мартабалуу жалгыз төбөл болду көрүнөт.

Ирактын мурдагы режиминин маалымат министри Мухаммед Сайид ас-Саххаф Багдадда ирактык танктардын үнү өчкөн чакта да маалымат талаасындагы согушту үзгүлтүксүз улантууга далаалат кылганы белгилүү. Өткөн айдын, апрелдин 8инде ал Багдаддагы “Палестина” конок үйүнүн сыртында журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, мындай дегени эсте:

- Алар, коалициялык аскерлер, багынганы калышты. Алар багынып беришмекчи, болбосо өз танктарынан чыкпай, тирүүлөй өрттөлүшөт.

Батыш булактарында «күлкү келтирген Али» деп атыккан бул саясатчынын ошол күндөрдөгү баштан кечирген сааттары жөнүндө жакында жаңы маалымат жарык көрдү. Маселен, британдык “Санди телеграф” гезитинин жазышынча, Саддамдын Хусейндин Багдаддагы эстелиги кулатылган 9-апрель күнү да ас-Саххаф мырза Саддамдын режими ойрон болду деген ойду өзүнө жууткан эмес. Апрелдин 10уна караган түнү гана ас-Саххаф борбор шаардын ал-Адхамийа бөлүгүндөгү чакан үналгы студиясында үгүт өнөктүгүн токтоткон.

“Хикмат” деп аталган бул студиянын кожоюну, 35 жашар Райба Хасандын айтымында, ас-Саххаф бул студияда эки күндөй кезээрип ачкарын отурганына карабастан, үналгы аркылуу элди Батыш аскерлерине каршы айыгышкан согушка чыгууга үндөгөн берүүлөрдү кылдат көзөмөлдөгөн экен. Ал 10-апрелге караган түнү студия кызматкерлерине Саддамды колдогон берүүнү саат таңкы 3кө чейин улантуу тууралуу буйрук берген. Андан соң, өзүнүн генералдык погонун бүктөп, мойнуна ак жана кызыл тилкелүү моюн ороочун оронгон да, жашыруун эшик менен студиядан чыгып кеткен.

Райба Хасандын айтымында, ал 9-апрелде ас-Саххафты эскертип, америкалык танктар Хайфа көчөсүн аралап келе жатканын өз көзү менен көргөнүн айтса, ас-Саххаф анын сөзүн жуутпай, эки-үч танк адашып кирип келсе керек, алар кайра чыгып кетет деген экен. Саддам Хусейндин өзү да, албетте, режимдин маалымат согушун мынчалык көшөрүп жүргүзгөн эмес.

Маскөөдөгү 1991-жылдын августундагы коммунисттик козголоң аракетин жетектегендердин бири – Геннадий Янаев кийинчерээк Орусияда кандай күлкүгө кабылса, ушул тапта ас-Саххаф да ошондой күлкү менен шылдыңдын бутасына айланды. Ал жөнүндө улам жаңы анекдоттор чыгууда. Айрым продюсерлер анын жеңиштүү маанайдагы сөздөрүн улам кайталатып, юмордук берүү даярдашса, кээ бир шылуундар “күлкү келтирген Алинин” сүрөтү жана чакырган ураандары жазылган футбол көйнөктөрүн интернет аркылуу сатууга тап коюшту.

Саддамдын ишенимдүү жоокери Мухаммед Сайид ас-Саххафтын кийинки тагдыры азырынча белгисиз бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG