«Кылым» тобу кандайча түзүлгөндүгү тууралуу топтун катышуучусу Эрнис Үмөталиев буларга токтолду:
- Мен Бишкектеги №64 – мектеп гимназиясында 11-класста окуйм. «Кылым» тобун 1999-жылы алгач «Взрыв» деген ат менен уюштурганбыз. Анан 2002 – жылы кайрадан «Кылым» деп атап, жаңы доор, жаңы көз караштар, жаңы кылымдагы жаштардын алдыга умтулуусу – деп ырым кылып койдук. Биздин репертуарыбызда унутулуп бараткан кыргыздын элдик-фольклордук ырлары «Шырылдаң», «Бекбекей», «Ак чөлмөк» сыяктуу ырлар жаңы музыкалык агымда иштелип чыккан. Андан тышкары классикалык ырларды да көп үндүү добуш менен аткарабыз. Кыргыз болгондон кийин патриоттук сезимдерди козгогон ырлардан көбүрөөк ырдаганга аракет кылып жатабыз.
«Кылым» тобунун катышуучусу Мээрим Чүкүеванын айтымында, топтун ырчылары Эрнис, Максат, Айнура, Мээрим, Төрөкул элдик үлгүдөгү «Ак шоола» балдар хорунан музыкалык билим алышкан. Ырдоонун ыкмаларын жакшы өздөштүрүшкөн. Сахнада эркин жүрүүгө, көрүүчүлөргө мамиле кылуунун сахналык үлгүлөрүн үйрөнүшкөн. Алар жалаң өздөрүнүн күчү менен менен жогорку прфессионалдык деңгээлдеги ар түрдүү эстрада жанрындагы ырларды аткарууга жетишкен.
«Кылым» тобунун катышуучусу Айнура Самудинова Баласагын атындагы Улуттук университеттин чет тили факультетинде окуйт. Келечекте англис тилинен котормочу болууну көздөйт. Котормочулук кесип менен ырчылык өнөрдү чогуу өздөштүрүүнү каалайт. «Ыр менин жан дүйнөмдүн байлыгы»- дейт Айнура.
Садырбек уулу Максат «Кылым» тобуна мындан үч жыл мурда келип кошулган. Ал Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында окуйт. Сүрөт менен ырчылык аркылуу көркөм өнөр дүйнөсүнө аралашып, чыгармачылыктын сыйкырдуу сырларын өздөштүрүп кыргыздын атактуу инсандарынан болууну каалайт.
«Кылым» тобунун жаш катышуучусу Төрөкул, ал 14 жашта, Бишкектеги 64-мектепте 8-класста окуйт. Төрөкулдун баамында «Кылым» тобу келечекте жаштардын сүйүктүү эстрадалык тобу болооруна ишеними чоң. Аз убакыттын ичинде чоң сахнага чыгып, концерттерге катышып жылуу пикирлерди угуунун өзү эле «Кылым» тобу келечекте Кыргызстандын аймагынан алыска чыгып атак даңк алат.
Учурда «Кылым» эстрадалык жаштар тобу «Менин дүйнөм» аттуу музыкалык альбомдун үстүндө иштөөдө. Сындагылык видео–клип тартылууда. Май айында Бишкек жаштарына алгачкы концертин тартуулоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө.