Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

ТҮРКИЯ ИРАК МАСЕЛЕСИНДЕ ТИЙЕШЕЛҮҮ ЧЕЧИМГЕ КЕЛЕ ЭЛЕК.


Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрү Ирактагы массалык кыргын куралдары сакталган деп шектелген жайларды кыдыруусун шаршембиде да улантты. Ал эми коңшу Түркиянын өкмөтү АКШнын Иракка каршы болжолдуу аскердик өнөктүгүнүн Түркияга тийгизчү таасири тууралуу талкуу кылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр тобу шаршембиде таң заарда Багдаддан чыгып, өлкөнүн түштүгүндөгү текшерүүгө тийиш болгон жайларга багыт алышты. Шейшембиде алар ирактык окумуштуу Сабах Абдел Нур менен жолугуп, өлкө өкмөтү массалык кыргын куралдарын жасоо боюнча кандай иш-аракет жүргүзгөнү тууралуу анын оюн сурады. Сабах Абдел Нур БУУнун өкүлдөрү бул жолугушууну көзмө-көз жүргүзүүнү сунуш кылышканын, бирок ал өзү, «Ирактын расмий өкүлдөрү да жолугушууга катышуусу керек» деп талап кылганын жолугушуудан соң билдирди. Бир кездери ирактык өзөктүк программаны жүзөгө ашырууга катышкан окумуштуу, «ушул тапта Ирактын дүйнө коомчулугунан жашыра турган эч бир массалык кыргын куралы жок» деп айтты.

Дегиңкиси, Бириккен Улуттар Уюму ирактык адистерди суракка алуу үчүн аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө укуктуу. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ, ушул тапта тийешелүү илимпоздорду Ирактан чыгарып кетүү маселесин талкуулоодо. АКШ жана Батыш өлкөлөрү мындай окумуштууларга саясий баш паана берүү тууралуу милдеттенме алуусу абзел, болбосо өлкөнүн өзүндө расмий көз карашка кайчы пикирдеги адистердин коопсуздугу үчүн эч ким кепил боло албайт, - деп эсептейт МАГАТЭ.

Шейшембиде Саддам Хусейн Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык салтанатка байланыштуу кайрылуусун жарыялады. Ирак сыналгысынын диктору окуган бул кайрылууда «БУУнун көзөмөлдөөчүлөрү так жана калыс иштешсе, анда Кошмо Штаттардын Ирак тууралуу айткан жалган кептери толук ашкереленүүгө тийиш», - деп айтылган. Ирак өкмөтү «массалык кыргын куралдары өлкөдө жок» деп байма-бай айтып келет.

Ал эми коңшу Түркияда Ирактын режимине каршы болжолдуу согуш маселеси кылдат таразаланууда. Шаршембиде Түркия өкмөтү, «Эгерде Кошмо Штаттар Иракка кол салчу болсо, анда Түркиянын бул өнөктүктөгү ролу кандай болушу мүмкүн?» жана «Перс булуңундагы жаңы согуш Анатолия жергесине кандай кесепеттерин тийгизиши ыктымал?» деген сыяктуу суроолор боюнча талкуу өткөрдү. Премьер-министрдин орун басары Абдүллатиф Шенер жетектеген бул жыйын олуттуу саясий чечим деле кабыл алган жок. НАТОнун мүчөсү болгон Түркия Кошмо Штаттарга аскер-аба базаларын жана башка ооруктук жардамын сунуш кылышы ыктымал. Дүйшөмбүдө премьер-министр Абдулла Гүл кол жайып отура берүүгө мүмкүн эместигин, Түркия Ирак маселесинде олуттуу чечимге келиши керектигин айткан.

Саддам Хусейндин режимине каршы согушта Анкаранын колдоосуна ынтызар болгон расмий Вашингтон Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүсү үчүн жасап жаткан аракетин колдоого алып келет. 10-декабрда Ак Үйдө президент Жорж Уокер Буш Түркиянын бийликтеги партиясынын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, бул тууралуу: “Биз сиздердин Европа Биримдигине мүчө болуу ниетиңиздерге толук тилектешпиз”, - деп айткан эле.

Президент Буштун бул сыяктуу Түркияны жактаган сөздөрүн Европа Биримдиги сынга алып, Түркия мүчөлүккө талапкер катары Биримдиктин бардык талаптарын аткарганда гана аны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын билдирди.

Ирактагы күрд топтору болсо Саддам Хусейндин режими кулагандан кийинки өлкөнүн улуттук-саясий түзүлүшү тууралуу талкуу жүргүзүүдө. Түндүк Ирактагы күрд партияларынын биринин жетекчиси Жалал Талабани шейшембиде жана шаршембиде түрк премьери Абдулла Гүл жана башка расмий жетекчилер менен сүйлөшүү жүргүздү. Башка бир күрд жетекчиси Месут Барзани суук тийип ооруп калганына байланыштуу Анкарага келе алган жок. Талабани кабарчылардын «Түрк аскерлеринин Түндүк Иракка киргизилишине кандайча карайсыз?» деген суроосуна: «Биз түрк аскерлерин кас-душман көрбөйбүз», деп жооп кайырды. Анын оюнча, түрк аскерлери эл аралык коалициянын курамында Иракка кирчү болсо, күрд жамааты аларды шаттануу менен тосуп алат.

Дүйнө коомчулугу болсо, Ирак кризисин согушка жеткирбей туруп чечүү тууралуу талабын айтууда. Араб өлкөлөрү Саддам Хусейнге кайрылып, аны согушту болтурбоо үчүн бар аргасын жасоого чакырышты.

XS
SM
MD
LG