Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:08

ИСЛАМ ТЕРРОРИЗМДИ ТҮШҮНДҮРӨБҮ?


Жихад жана ислам жолундагы адамдын башка диндин өкүлдөрүнө болгон мамилеси тууралуу Кураны керимде кандай түшүндүрмө берилет? Ислам жөнүндө башка диндердин өкүлдөрү эмне дешет?

Индиянын оппозициячыл Конгресс партиясынын лидери Сония Ганди 3-декабрда атактуу Оксфорд университетинин Исламды изилдөө борборунда исламды жактаган доклад жасады.

«Бүтүндөй дүйнөдө, ислам жана терроризм бөлүнгүс биримдикте деген көз караш калыптанган. Террорчу уюмдардын мүчөлөрүнүн башка диндерге өтүп кеткени жөнүндөгү далилдер атайылап айтылбайт. Терроризмдин дини жок», деди теги Италиялык, дини католик Сония Ганди. Сония индус террорчулары өлтүргөн Индиянын премьер-министри Индири Гандинин келини. Сониянын күйөөсү, өлкө өкмөт башчысы Раджив Гандинин өмүрүнө да террорчулар забын болгон.

Сония Ганди, талаштуу Кашмир штатын коогага салган жана исламга жамынган террорчул уюмдарды өлкөдөгү 140 миллион мусулмандар колдобойт деген ишенимде экенин жашырбады.

Атактуу Кембридж университетин бүтүргөн Сония Ганди ислам динин террорчул деп айыптоо жаңылыштык экенин ачык айткан аз сандагы саясатчылардын бири гана.

Ислам террорчул дин деген пикирдин жайылуусуна «Аль-Каида» уюмунун негиздөөчүсү Осама бин Ладендин, ошондой эле, кээ бир улама-шейхтердин мусулмандарды Батыш өлкөлөрүнө, анын ичинде АКШ менен Израилге каршы жихадка чакыруусу негиз болгонун танып болбойт.

Бейкүнөө адамдардын өмүрүнө кыянаттык кылган адамдар жөнүндө Прага шаарындагы Ыйык Барбара атындагы рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Вильям Фей, «дүйнөдөгү ким гана болбосун, эгер ал Исус Христостун үммөтү болсо, ал эгер башка бирөөгө колун көтөрсө, кимдир бирөөнү майып кылса, бирөөнүн там-жайын кыйратып-бүлүнтсө, анын христиан же католик экенине карабастан, бул аракет жеке инсанга жана «Евангелиеге» каршы жасалган иш деп бааланат. Бирок, айрым бирөөлөр кээ бир мезгилде өз ишенимине, ишенген динине жана туткан ыйманына каршы иштерди жасашат. Бул бир татаал нерсе», деди мени менен болгон маегинде америкалык динаятчы.

Айрым бир экстремистчил мусулман жана христаин уюмдары жоо туткан тарабы менен элдешкиси келбеген сындуу, айрым динаятчылар бөтөн дин өкүлдөрүнүн, өзгөчө салтуу эмес диний секталарды жактырышпай, аларды түшүнүүнү да, өз ибадаттарын эркин аткаруусун да калашпайт.

Ислам дини бөлөк кайрыдиндер менен касташып-жоолошпо, алар менен ынтымак түз деп ибарат кылса, жамаат ичинде террорчулардын пайда болушуна эмне себеп болууда? Бул суроого Франциянын улуттук илимий изилдөөлөр борборунун адиси, көптөгөн илимий эмгектердин автору Оливье Роа жооп бергенге аракет кылат. «Биз өткөөл кризистин кубаттуу күүсүнүн күбөсү болуудабыз. Бен Ладен бул кризистин кесели да, эң жеткен чокусу да. Батышташуу процессинин тездөөсү исламды сөзсүз мунасага жана ыңгайлашып жашоого алып барат. Муну көпчүлүк мусулмандар эбак түшүнүп жасашты. Бул өнүгүү, бир эле учурда, глобализацияны тааныгысы келбеген чакан, маргинал топторду пайда кылат. Аларды глобализациянын туундусу десек да болот», деп тыянак кылат Франциялык эксперт Оливье Роа. Эксперт-илимпоз «Саясый исламдын кыйрашы», «Жаңы Борбордук Азия: улуттардын жаралышы» жана башка көптөгөн китептердин автору.
XS
SM
MD
LG