Microsite EMBED Starter
Интерактив

Аламүдүндөгү кум-шагыл чыккан карьер

Кыргыз өкмөтү Бишкектин чет жакасындагы кум-шагыл чыккан карьерди экологиялык нормаларды бузду деген негизде менчик компаниядан өз карамагына алган. Бул жерге жакын райондун тургундары жана экологдор эми өкмөт өзү экологиялык эрежелерге көз жуумп, күрдөөлдүү өндүрүш баштап жатат деп нааразы.

Ukraine map
overlay

«Дастан-Сити» долбоору президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып жаткан бараандуу турак жай программасынын бөлүгү болуп саналат.

Аламүдүн кум карьери 1985-жылы экологиялык жүйө менен жабылып, 1999-жылы иш кайра жанданган.

overlay

1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган карьерде асфальт-бетон заводу иштеген.

1985-жылы Бишкектин шаардык кеңеши (ал маалда Фрунзе) ишкананы айлана-чөйрөнү булгап жатат деген негизде жапкан. 1999-жылы карьерде иш кайра жанданган.

Курулушу быйыл апрелде башталган “Дастан-Ситиде” 9000 батир салынып, алардын 500ү ипотекалык негизде төмөндөтүлгөн баада мамлекеттик кызматкерлерге берилет.

“Дастан-Ситини” салууга келишимди “Экспрострой Курулуш” компаниясы алган. Бул компаниянын ээси, коррупцияга айыпталып кесилип, кийин соттуулугу жоюлган экс-мэр Нариман Түлеевдин иниси.

https://stdatavisualprod.blob.core.windows.net/$web/embeds/24/06/bishkek-quarry-satellite-view/build-1206-kyrgyz-01/images/satellite/quarry.png

Сүрөттү чоңойтуу үчүн курсорду алып барыңыз

9-июнь, 2024-жыл
Графика: RFE/RL Graphics
Булак: Planet Labs