Оштун Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн плиталары туташкан жерлер оңдолуп, кайрадан асфальт басыла баштады. Бул шаардыктар арасында көпүрөнүн сапаты жөнүндө шекшинүүнү күчөттү.
Оштогу көпүрө көйгөйү

1
Бир аптадан бери жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу көпүрөнүн бир тарабы толук жабылып, жол кыймылы экинчи ыпта аркылуу гана ишке ашууда.

2
Ош шаардык мэриясы тургундарды сабырдуулукка чакырып, ремонт пландын чегинде аткарылып жатканын айтууда.

3
Буга чейин көпүрөнүн капталындагы адамдар өтчү жол да сынга алынып, ал сууга толуп, арык болуп калганы, ал тургай ошондон курулуштун астына суулар агып жатканы айтылган.

4
Бийликтер бул жолку ремонттоо иштери менен кошо так ошол тротуарга да брусчатка басып жатышат.

5
Кантcе да Ош шаардык мэриясы тротуарды жана термошовду оңдоону дагы бир апта ичинде бүткөрөбүз деп убада кылды.

6
Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсү былтыр ишке берилгенден бир аптадан кийин, чет-жакасындагы тротуарлар чөгүп кетип, мэрия бир сыйра оңдоп чыккан.

7

8
Филармониянын алдындагы бул жөө адамдар өтчү таш жол бир ай мурдараак дагы бузулуп, оңдолгон. Кийинчерээк көпүрөдөн түшчү тепкичтердин бузулганы да коомчулукка жарыяланган.

9
Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушу былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган. Бирок айрым адистер көпүрө талапка жооп бербей бүткөнүн, сапатын убакыт аныктай турганын айтышкан эле.

10

11

12

13

14
Көпүрөнүн узундугу 265 метр, ал эми анын эки жагын улай салынган жол жалпы 1200 метрден ашат. Курулушка Орусия грантынан келген 564 млн. сом каражат жумшалган.

15

16